Домой Саясат МАТРАИМОВДОРДОН ДАГЫ БИР МАНДЕМ ЧЫКТЫ

МАТРАИМОВДОРДОН ДАГЫ БИР МАНДЕМ ЧЫКТЫ

123
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовунун жубайы Минавар Жумаеванын бизнестери бар экенин баары эле жакшы билсе керек. Иниси Раим Матраимовдун жубайынын байлыктарын баарыбыз көргөнбүз. Ал байлыктар кайдан келгенин жолдошу Раим Матраимов айтып берээр, кези келсе. Бирок,

ЖКда депутат болуп олтурган Искендер Матраимовдун жубайынын байлыктары да адамды таң калтырбай койбойт. Искендер Матраимовдун жубайы
Минавар Жумаева 20 жылдан бери бизнес менен алектенип келет деп айтылат көп маалыматтарда. Ал ээлик кылган бир топ атактуу жана бай ири соода тармактар бар.Бирок, ал байлыктарды тапкан ишкерчилигин депутат жолдошу 2018-жылы берген декларациясында маалымда багандыгы мандем болуп айтылып чыга баштады. Мындай маалыматты дал ошол Раим Матраимовдун жубайынын кыргыздын көзүн кызарткан байлыктарын ачыктап, иликтеп алып чыккан Factcheck.kg сайты жазды. Маалыматка караганда, Минавар Жумаева-бир канча компаниянын кош негиздөөчүсү. Аларды депутаттын декларациясы менен салыштырганда, компаниялар тууралуу сөз болбогонун салыштырып айтат басылма.

2015-жылы Искендер Матраимов мүлкү жана кирешелери тууралуу отчетун тапшырган. Анын иштеп тапкан кирешеси 367,3 миң сомду түзгөн. Анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жоктугуна байланыштуу жазылган эмес.

2016-жылы депутат үчүн бир аз жакшы жыл болгон.Декларациясына ылайык, ал 843,5 миң сом иштеп тапкан.Бирок анын мүлкү жок болгондуктан, дагы көрсөтүлгөн эмес.
2017-жылы Искендер Матраимовдун жылдык кирешеси 747 миң сомду түзгөн. Ал 150 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасын, 290 миң сомдук
эмерегин, 140 миң сомдук фото, аудио жана компьютердик техникаларын көрсөткөн.

2018-жылы Искендер Матраимовдун кирешеши дээрлик 901,4 миң сомго жеткен.Бул жылы депутаттын декларациясына 82,4 чарчы метрлик турак үйү, 214 чарчы метр айыл чарбасына мүнөздүү жер аянты кошулган. Ага чейин дал ушул эле басылма Минавар Жумаевага тиешелүү деп “Пальма и К”, “Ош Плаза”,
“Авто СТОлица”. “Эльдарадо” сыяктуу ири жайларды жана шаардагы бир топ турак жайларын атаган болчу.

Булак: Факт.кж