Коомдук активист, интернеттеги “Беспредел.кж” маалымат баракчасынын негиздөөчүсү Афтандил Жоробеков региондор аралык араздашууну козутту деген шек менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Мындан улам коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, сөз эркиндигине болгон кысым күчөп жатат деген ойлорун айтышууда. Аны менен бирге активистти бошотуу талабын коюп, кол топтоого өтүшкөн. Ошондой эле Жоробековдун карындашы интернет аркылуу англис тилинде БУУга кайрылуу жасаган. Кечээ укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн интернеттеги социалдык баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жасады:
“Эмнеге бул жаман прецедент? Регион аралык кастыкты жаратуу боюнча берене – экстремисттик
кылмышка кирет. Оор кылмыш. Эмнегедир, жаңы Кодекстер жазылып атканда административдик жана жоруктар жөнүндөгү кодекстерге. бул аракеттер камтылбай кетишкен. Эгер бул маселе камтылса, анда кармаганга чейин адамга эскертүү, анан айып пул салып, анан кана камоого барыш керек болчу. А бизде, бирөө башка адамдын жалган постуна комментарий жаза койсо, жалган кстыкты жараткан постун ээсин камабай, комментарий
жазган баланы камашкан. Ал эми | Автандилдин жазганында регион аралык кастык жаратуу жок, бирок ,анын постунун алдында, ар кандай адамдар регионго бөлүнүп ыплас сөздү жазып койсо, постун ээси Автандил жооп берип калган атат. Бул түп тамыры менен тура эмес. Эртең, мен жазган нерсенин алдында бирөөлөр атайын урушуп же регионду атап, же дин маселеси боюнча, же улутка тийишсе мени камашабы?” – деп билдирет Рита
айым. Ага кошумча өлкөдөгү бардык юристтер, укук коргоочулар, коомдук активисттер Жоробековдун эч күнөөсү жок экенин айтып жатышат.
Булак: Ачык саясат