Домой Саясат Матраимов ар-намысын 49,5 миллионго баалады

Матраимов ар-намысын 49,5 миллионго баалады

34

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», «Kloop.kg» жана «24.kg» агенттигин сотко берди. Андан сырткары журналист Али Токтакуновго да доо коюлган. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосун 22 миллион сомго, «Kloop.kg» сайтын 12,5 миллион сомго, «24.kg» агенттигин 15 миллион сомго сотко берген.

«24.kg» агенттиги «Азаттык» радиосу жарялаган иликтөөнү кайрадан басып чыгарган. Ал макаланы көптөгөн ММКлар жарыялаган, бирок Р. Матраимов 3 эле ЖМКны сотко берген.

Эске салсак, Р. Матраимов буга чейин Ширин Айтматованы, Али Токтакуновду жана бир нече ЖМКларды сотко бергенин айткан. Судья Жылдыз Ибраимова жоопкер тараптардын банк эсептерин камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Булак: fakt.kg