28-мартта Бишкектин Серафимович көчөсүндө жашоочу Г.В.нын “КИА”, Айни көчөсүнөн К.Н. “Мерседес” бусун уурдатып милийсага кайрылышкан. Бишкек шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тыкыр иштеп олтуруп Чүйдүн бир айылынан машина уурдаган кылмышкерлерди кармаган. Алар бири 17 жашта, экөө 18, бири 19, дагы бири 20 жаштагы балдар экен. Жери — Бишкек, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан. “Жакшы” уурулар экен, жерге бөлүнбөгөн. Бу жаш “таланттар” дагы беш машина уурдаптыр. Азыр алар камакта.