Домой Коом Масалиев менен Борбиевдин кайым айтышы

Масалиев менен Борбиевдин кайым айтышы

99

Эстрада ырчысы Бек Борбиев Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевди мандатын тапшырганы боюнча сындап чыккан.

Борбиев өз сөзүндө “Масалиев популист! Мандатты, ТЭЦ, Дачасу, Батукаев, Турцияга бир самолёт алтынды чыгарып баратканда, жана башка нерселер талкууланып жатканда тапшырса “эсеп” болмок. Эки айдан кийин мөөнөтү  бүтөрү кезде минткени.. Бул популизм!
Мен дагы Апсамат Масалиевди туу тутам, бирок… Атанын кадырына жарашпаган арзан пияр”-деп жазган Бек Борбиев.

Экс-депутат Исхак Масалиев ырчынын бул пикирине төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

“Эгер менде Бектикиндей талант бар болгондо, мен саясатка аралашпай, ырларымды ырдап, элге кубаныч тартуулап эле жүрө бермекмин” деди ал.

Булак: Багыт