Домой Коом Масалиев: Аялын койдой кылып союп салды

Масалиев: Аялын койдой кылып союп салды

43

Кечээ, 10-мартта Бишкектеги Уркуя Салиева атындагы аянтта аялдардын укуктарын коргоо акциясы болуп өттү.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өз пикирин билдирди.

“Акциялар, жөө жүрүштөр, митингдер… Бизге жаз келди. Ар бир жаран акцияга чыгууга укугу бар. Аялдардын укугун коргоо митингинде аял затына кол салгандар эркектердин кылган кылыгы көз карашып терс. Аялдарды колунан кайрып, автобуска тыгып кеткен туура эмес. Феминистердин кээ бир лозунгдары да мага жаккан жок. Аялдарды коргоо боюнча жөө жүрүш болуп жатса, мурдагы судья аялын койду сойгондой эле, өлтүрүп койду. Коомчулукта кандай пикир келишпестиктер болбосун, аялдар ыйык, биз аны унутпашыбыз керек. Ар кандай түшүнүксүз коомдор (көктөр, кызыл-тазылдар) кыйкырып элге таңуулабай эле каалаганын кыла беришсин. Негизи 8-март эмгекчил аялдарын күнү. Аларды бизден коргош керек»

Булак: Факт.кж