—Марс мырза, Матраимовдор кланы, улуттук баалуулуктарга каршы иш аракеттер тууралуу айтыӊыз. Эми буга кошумча шайлоо, 9 пайыз, коррупцияга каршы алсыз күрөш, элдин акырындап митингге чыгып жатышы, контрабанданын абдан көбөйүшү, экономиканын алсырап жатканы жаздабы, күздөбү элдин жапырт көтөрүлүшүнө, революциялык кадамга алып келеби?
—Алып келет. Биздин эл көпкө чыдабайт. Чыдаганды жек көрөт дегендей. Жогоруда айтпадымбы, мунун баары Украинанын сценарийине алып баратат.
—Бийлик мунун баарын түшүнүп эле турат да…
—Жок. Бийлик түшүнбөй жатат. Себеби, бийликте жакшы аналитиктер жок экенин байкап жатабыз. Бул маселени Бешимов да жакында жакшы айтты. Мисалы, Бакиевдин бийлигинде Садыркулов, Слепченко, Богатырев сыяктуу жакшы аналитиктер иштеген. Бирок Бакиевдер алардын айтканын укпай койду да, ал тургай чындыкты айткан Садыркуловду өрттөп салышпадыбы.
—Элдин жалпы көтөрүлүшүнө канча убакыт калды? Балким, бийлик элге жага турган кадамдарга бараар…
—Элдин чыгышына аз эле убакыт калды. Жаз болбосо да, күздө эл тараптан чечкиндүү кадамдар башталат. Бул жагынан Америка да кызыкдар болуп, кулак түрүп турат. Россия болсо азырынча эч кандай кадамга барбай байкап турат. Россия Бабановду анчалык жакшы көрбөсө да, ага бир аз жан тартат. Ошондон улам алар Бабанов менен Матраимовду бир партияга бириктирүү аракетин көрүп жатат. Бул Россиянын мыйзамга каршы боло турган саясый долбоору. Чынында Бабанов, Матраимовдор менен тымызын биригүү алдында турат. Ал эми укук коргоо органдарынын Бабановдун 16 мүлкүн камакка алуу боюнча өтүнүчү башка кеп. Менин билишимче “Азия моллду” бийликтегилер алып коюшту.
—Мамлекеткеби, же бийликтин билермандары өздөрүнө алыштыбы?
—Азыр бул жагы анча ачык эмес. Бул бийлик алысты көрө билсе, андай мүлктү өздөрүнө эмес, мамлекетке алса башка кеп…
Суроо салган, Айбек ШАМШЫКЕЕВ