Домой Коом Марлен Маматалиев: “Үй карантини иштебей жатат. Менин кошунам үй карантинине алынганы менен...

Марлен Маматалиев: “Үй карантини иштебей жатат. Менин кошунам үй карантинине алынганы менен көчөдө эле жүрдү”

63
Бүгүн, 15-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев таажывируска шектелгендердин бардыгын ооруканага жөнөтүүнү сунуш кылды.

Ал үй карантини иштебей жатканын белгиледи.

“Мен өзүмдүн жакын таанышымды айтып берейин. Анын апасы карантинде жатты. Бирок, кызы кадимкидей эле сыртка чыгып, базарга барып жатты. 3 күн мурда экөөнү тең ооруканага жаткырылды. Таажывируска шектелгендерин бардыгын эле ооруканага жаткыра бербейлиби? Үй карантини иштебе жатат” – деп билдирди депутат.

Депутат айткан сөзүнө дагы бир мисал келтирди.

“Менин дагы бир кошунам тууралуу айтып берейин. Ал дагы үй карантининде жаттым деди, бирок, көчөдө эле жүрдү. Дүкөнгө жана башка жактарга барып жатты. Ушуну дагы көзөмөлгө айтып койсоңуздар” – деп өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда дагы 19 адамдан таажывирусу аныкталган, анын ичинен 15и медициналык кызматкерлер. Кыргызстанда жалпысынан таажывирусуна чалдыккандардын саны 449га жетти. Айыккандардын саны – 78, каза болгондордун саны – 5.

Булак: KyrgyzToday.kg