—Марлен мырза, сиз мамлекеттен, тактап айтканда жалпы Кыргызстандын кызматкерлеринин айлыктарынан профсоюзга кармалып, берилип жаткан каражат 600 миллион сомдон аша турганын бир ирет айтып чыктыӊыз эле. Мына ушул маселе боюнча толугураак айтып берсеӊиз?
—Мен бул маселеге кызыгып, бир аз изилдеп көргөм. Эмне үчүн башка мамлекеттердин жараны пенсияга жаӊы чыккан кезде дүйнө кыдырып, саякаттайт? Биринчиден, алардын пенсиялары чоӊ. Экинчиден, ошол өлкөлөрдүн профсоюз федерациялары пенсияга чыккандарга дүйнө кыдырууга атайын жолдомолорду беришет. Эмне үчүн бизде мындай болбойт? Себеби эмнеде? Бизде деле профсоюз федерациясы бар. Бир кылымдан бери иштеп, эмгекчилердин укугун коргоп келатат дейбиз. Бирок эмне үчүн ал профсоюз пенсияга чыккан кезде пенсия курагындагыларга башка мамлекеттердей болуп, кам көрүп, жок дегенде бир-эки өлкөгө эс алып келүүгө жолдомо бербейт? Баарыбыз эле өмүр бою айлыгыбыздан профсоюзга акча бөлүп, берип келебиз. Ал акчага профсоюз жаӊы жылда гана балдарыбызга белек берсе берет, бербесе жок. Андан тышкары, балдарыбызды лагерге, айрым эмгекчилерибизди эс алуу жайларына эс алдырышкан болот. Бирок баарын эмес, андай эс алуу жайларына баргандардын саны абдан эле аз. Анда ошончо чогулган чоӊ акча каякка кетип жатат? Бул суроо ар бирибизди кызыктырат. Каржы министрлигинен сураштырып, кызыгып көрсөк, профсоюзга эмгекчилердин маянасынан кармалып, которулуп жаткан каражат бир жылда 600 миллион сомду чапчыйт экен.Бул мамлекеттик кызматта иштегендердин эле акчасы. Ал эми жеке багытта иштегендерди эсептеген жокпуз. Эми алардын көбү профсоюзга төлөшпөйт, төлөгөндөр азыраак…
—Профсоюзга караштуу Эмгекчилердин ден-соолугун чыӊдоо фондуна ( орусча ФОТ деп кыскартып айтылып келет) мамлекеттен 288 миллион сом которулат экен. Ал эми биз кеп кылып жаткан 600 миллион сом каражат мындан башка экенин баса белгилей кетели. Профсоюз бул акчаны кайсыл ишке сарптап жатканы белгисиз да.
—Ооба. Кептин баары мына ушул маселеде болуп жатпайбы. 288 миллион сом башка каражат. Ал эми мен айтып жаткан 600 миллион сом башка. Бул чоӊ акчанын отчёту каякта, кандай ишке сарпталды, буга эч ким жооп бербейт. Ошон үчүн профсоюздун саясатын өзгөртүү маселесин сунуштап айтып жатам. Өмүр бою кызматта иштеген адамдын пенсияга чыкканга чейин профсоюзга которуп берген (айлыгынан айына бир пайыз) орточо эсеп менен 300-400 миӊ сом болот экен. Мына ушул акчага кызматтагы адам пенсияга чыккан учурда жакшы бир өлкөгө эс алууга жолдомо берип койсо сонун болмок. Профсюзга өмүр бою 400 миӊ, балким андан да көп каражатты жөн эле берип жатам деген ой ар бир адамда болушу керек. Ошончо акчага пенсияга чыкканда Дубайга, Египетке, же Таиланд же башка өлкөлөрдүн туристтик кооз жерлерине эс алып келсе болот эле да. Эгер ушул сунуш ишке ашса, анда эмгекчилер профсоюзга, мамлекетке да ыраазы болмок.
—Профсоюз ар бир адамдын кызматына, ишине карабай туруп ай сайын айлыгынан 1 пайыз акчаны кармап калат. Макулбу, каршыбы, аны сурап койбойт. Мисалы, 15 миӊ сом айлык алган адамдан 1 пайыз деп 150 сомду автоматтык түрдө кармап калып жатат. Негизи кызматкерлер профсоюзга мүчө болбой, айлыгын толук алса болот да. Бирок бул жагын эмгекчилердин баары эле билбей бербейт. Буга кошуласызбы?
—Туура айтасыз. Эч ким ага көӊүл да бурбайт, көбү да билбейт. Кармалган акча каякка кетип жатканын деле сурашпайт. Эмгекчилер өз укугун толук коргой билсе, 400 миӊ сомго чейинки каражатты профсоюзга жөн эле карматып койбойт эле да. Бул жагынан ар бир кызматкер сабаттуу болууга тийиш деп ойлойм.
—Эми ушул каражаттардын каякка, эмне ишке кетип жатканын мамлекет эмне үчүн текшербейт? Мен бир аз иликтеп көрсөм, Профсоюз федерациясынын Кеӊешин түзгөн 28 адам, өзгөчө ар бир тармактын (19 тармак боюнча комитет бар) профсоюз башчылары бул миллиондорду каалагандай калчап келишет. Мындан тышкары, союз учурунан бери профсоюзга караштуу эс алуу жайларын, мекемелерин жеӊ ичинен менчиктеп, сатып, кыскасы өз билген саясатын ийгиликтүү жүргүзүп келишет. Бул жагынан деле маалыматыӊыздар бар да. Эмне үчүн мунун баары мамлекет тараптан көзөмөлгө алынбайт?
—Тилекке каршы, сиз айткандай көзөмөл болбой жатат. Тиешелүү тарап жакшылап көӊүл буруп, катуу көзөмөлгө алса жакшы болмок. Жогорку Кеӊештин бир топ депутаттары профсоюздун ушул сиз айткан өзүм билемдик саясатына бөгөт коё турган мыйзам долбоорун жазып, сунуштап жатышат. Кудай буйруса, ал мыйзам кабыл алынып, иштеп калса, баары көзөмөлгө алып, жоопкерчилик күчтүү болуп калат деген ойдомун.
Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ