Азык-түлүктүн кымбатташы көз жаздымда калбаса деген эл өкүлү Марлен Маматалиев төмөнкү сунушун айтты:
«Мен азык-түлүк маселесинен көңүлүңүздү бурсам, өзгөчө унга. Ундун баасы 1300 сом болчу. Кийин 1600-1700 сомго көтөрүлдү да, ошол бойдон калып калды. Мен ошондо ун өндүргөн компаниянын директору менен сүйлөшкөн элем. Ал “бир жагынан ажиотаж болуп, доллар курсу менен күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткен үчүн ундун баасы жогорулап жатат, ошондуктан аны арзандата албайбыз” деген эле. Бирок азыр доллардын курсу, күйүүчү майдын баасы төмөндөдү, а ундун баасы ошол бойдон турат. Ушуга көңүл буруп койсоңуз, монополияга каршы күрөшүү кызматына тиешелүү тапшырма берсеңиз”, – деп депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.