Домой Тагдыр Маркум 55 жашта болгон. Бишкекте жолдон тайгаланып, маршруттук унаанын алдында калган аялдын...

Маркум 55 жашта болгон. Бишкекте жолдон тайгаланып, маршруттук унаанын алдында калган аялдын окуясы

65

Бишкекте жолдо кетип бара жаткан аял тайгаланып жыгылып, Мерседес-Бенц унаасынын дөңгөлөгүнүн алдына кулап түшкөн. Маршруттук таксинин айдоочусу аны байкабай тебелеп кетип, жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон. Маркум 55 жашта болгонун Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

“25-декабрда Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүндө аял тайгаланып жыгылып, маршруттук унаанын алдында калган. Маркум 1964-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран экени аныкталды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене (автотранспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Айдоочу кармала элек”, – деди басма сөз кызматынан.

Булак: Супер