2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келаткан Улукбек Мариповдун кызматтык мөөнөтү аяктап баратыптыр. Анын ишмердүүлүгү боюнча өтө жаман иштеди, же өтө мыкты иштеди деп баса белгилеп айтууга болбос. Жалпысынан орто деӊгээлде иштеп келди. Ал жакында кызмат ордунан жылмышса, анын ордуна барабыз деп жогорку жака барып, “бата сургандар” көп болуп жатыптыр. Алардын бири ошол Эсеп палатасында көп жылдан бери жооптуу кызматтарда иштеп келген Зарыл Сатаев экен. “Де-Факто” гезити 2016-жылдагы Сатаевди 2013-жылы Беш-Күнгөйдөн жол тандабас машинасы менен Т. Абралиев деген жаранды сүзүп кеткенин, ал ошол эле жерде каза тапканын жазып чыккан. Бирок Сатаев эч кандай жоопко тартылбастан, ишти кыргызчылык менен бүтүрүп коюп, кылы кыйшайбай иштеп жатыптыр. Бийлик деле мына ушул маселени эске алып коёр…Балким, Марипов кайрадан өз ордунда деле калып калышы мүмкүн.
Булак: Багыт.kg гезити