Домой Саясат Маратбек Чолпонкулов «Кыргыз алтындын» төрагасы болуп дайындалды

Маратбек Чолпонкулов «Кыргыз алтындын» төрагасы болуп дайындалды

72

Бүгүн, 4-мартта Маратбек Чолпонкулов «Кыргыз алтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды, деп билдирди компания.

Ал «Кыргыз алтын» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен шайланып, эмгек жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин бул кызматты Элмырза Укубаев ээлеп келген. Ал 2021-жылдын 12-февралында пара талап кылганы үчүн сотко чейинки процесстин алкагында камакка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага карата УКМКнын абагына камакка алуу чечимин чыгарган.