Интернеттеги социалдык түйүндөрдө акыркы убактарда абакта жаткан экс-
депутат Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылган, аны айга-
күнгө теңеп, өлкөбүздүн жападан жалгыз патриотундай көрсөткөн
чакырыктар жана билдирүүлөр кеңири тароодо. Эмне үчүн мындай болууда?
Чын эле Садыр Жапаров абактан чыгып, бийликке келе турган болсо, анда
чечилбей жаткан чек ара маселеси чечилип, «Кумтөр» 100% мамлекетке
иштеп, жумушсуздук жоюлуп, миграциянын агымы токтоп, өлкө
экономикасы тездик менен көтөрүлүп, элдин жашоосу бакубат болуп
калабы?
Мына ушул суроолордун тегерегинде «Садыр Жапаровдун «феномени»
эмнеде?» деген темада «Ата-Мекен» партиясынын журналисти Марат Тагаев
кеңири ой жүгүртүп, анализдеп көргөн экен. Ал өзүнүн анализдөөсүн
«Фейсбуктагы» баракчасына жүктөгөн. Ал Садыр Жапаровдун
соцтармактарда тарапташтарынын көбөйүп жатканынын сыры эмнеде,
кандай эмгеги, кайсыл эрдиги үчүн ал тарапташтарынын ишенимин алып
жатат деген сыяктуу суроону коет.
«Садыр Жапаров кыргыз саясатына 15 жыл мурун келген саясатчы. 2005-
жылы парламентке депутат болуп, элге тааныла баштады. Ошол кезде
Бакиевчил айтылуу “Бригада” мүчөсү болгон. 2007-жылдан 2008-жылга
чейин Президент Бакиевдин кеңешчиси болуп көмүскөгө кетет. 2008-жылы
Кыргызстанда коррупция гүлдөп, Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык бийлиги
болгон жакка колун салып, эл нааразычылыгы күчөп турган маалда публика,
эл көрсүн үчүн телевидениеге телерепортаж жасагандан башка эч күчү жок,
Бакиев жана анын айланасындагылар кылып жаткан ири коррупциядан
башка майда-барат коррупциялык элементтерди көрсөтүп, эл көзүнө чаң
чачкан “Коррупцияны эскертүү боюнча Улуттук агенттик» түзүлүп анда
Садыр Жапаров Комиссар болот. Бир жылдан кийин Агенттиктин директору
болот.
Эмнегедир Садыр Жапаров бул Агенттикти жетектеп турган маалда
Кумтөрдөгү коррупция тууралуу ооз ачкан эмес. Ал гана эмес Садыр
Жапаров Коррупцияны эскертүү агенттигин жетектеп турган 2009-жылы
Кумтөр менен чыккынчылык деп саналып жаткан келишим Парламенттен
ратификациядан өткөн», — деп жазат ал.
Чынында эле ушундай эмеспи. Эгерде Садыр мырза «Кумтөр» кени мамлекет
үчүн 100% иштеши керек деген позицияда болсо, анда дал ошол 2009-жылы
эле айтат эле да.
Мындан тышкары Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы такталып,
парламенттен ратификациядан өткөн 2008-жылы да Садыр Жапаров
Коррупцияга каршы комиссар болуп турган кези болгон. Дал ошол убакта
Каркыра жайлоосу казактарга өтүп кетти, сатылып кетти деген кеп чыккан.
Мында да ал кыргыз элинин патриоту катары «Кыргыздын жери
сатылбасын!» деп айтканга жараган эмес.
Ошентип жүрүп 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин болгон
парламенттик шайлоодо Садыр Жапаров «Ата-Журт» партиясы аркылуу
парламентке келген. Ошондон тарта ал «Кумтөр» темасын сүйлөй баштаган.
Негизи эле революциядан кийин «Кумтөр» боюнча келишимди кайра кароо
талабы бар эле. Ошондо парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.
Баарынан кызыгы анда Садыр Жапаров төрага болуп калган. Бул Туралуу
Марат Тагае вөз макаласында мындай дейт: «Парламентте депутаттык
комиссия түзүлүп, эмнегедир комиссия башчысы болуп 2009-жылы
парламенттен ратификация өткөн келишим түзүлгөндө “Коррупцияны
эскертүү” агенттигинин төрагасы болгонуна карабай унчукпай отурган
Садыр Жапаров төрагасы болот. Садыр Жапаровдун төрага болгону саясий
конңюнктурадан улам болсо керек, ошол мезгилде 28 мандаты бар “Ата
Журт” күркүрөп турган учур болчу».
Андан ары Садыр Жапаровдун айрым башка саясатчылар менен катар
кандайча эл ичинде «баатырга» айланганы тууралуу мындайча оюн айтат:
«Кумтөрдүн айланасындагы окуя “Чыңгыз хан секирик”, үч депутаттын
камалуусу, Саруу окуясы, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди
барымтага алуу окуяларына алып келди. “Чыңгыз хан” секириктен кийин
камакка түшкөн Садыр Жапаров ошол маалда камалган финансы, медиа
ресурсу чоң башка саясатчылар менен биргеликте кайсы бир элдин
катмарына “герой” болду».
Бул чындык. Садыр Жапаровдун чоң саясатта ысымынын өтө тездик менен
таанылышы – атың чыкпаса жер өрттө принцибинде эле болду.
Ошентип С. Жапаров «Кумтөр» маселеси боюнча 2013-жылы Ысык-Көлдүн
Караколунда митингди уюштуруп, өзү көшөгө артында туруп алган окуядан
кийин өлкөдөн чыгып кетип, кайра бир нече жылдар кайткан эмес. Ал
митингде ал кездеги Ысык-Көл губернатору Э. Каптагаев барымтага алынып,
өрттөйбүз деген коркутууга тушуккан. «Кумтөр» ишканасы электр
энергиясын алып туруучу подстанция өчүрүлгөн. Анын айынан миллиондук
чыгымдар болгон. Мунун баары мыйзамсыз кадамдар экени түшүнүктүү
болуп турса деле, С. Жапаровду социалдык түйүндөрдө колдогондордун
саны арбыган.
«Ысык-Көлдүн губернаторун барымтага алуу окуясы тушунда Садыр
Жапаров Кыргызстандан чыгып кетип, келген жок. Бул учур Кыргызстанда
социалдык тармакты, фейсбук, вотсапп, одноклассникини жалпы эл,
айылдагы кемпир-чал, жашы-карысы, кызы-келини, баласы-атасы колдоно
баштаган маалга туш келди. Садыр Жапаров четте бекер жатпай мекенинде
иш таппай башка өлкөдө иштеп жүргөн, кыргыз бийлигине нааразы
мигранттар менен түз иштешти. Үй-бүлө мүчөлөрүн, канча баласы бар
экенин, канчага чыкканын, каякта окуурунан бери сурап ичи-койнуна кирди.
Ал ортодо китеп жаза коюп китеби тарады. Жалпы карапайым калк жапырт
көчүп келген фейсбук аркылуу группаларды түзүп, Кумтөр боюнча сүйлөгөн
сөздөрүн айланта баштады. Социалдык тармакты жакшы сугарды.
2016-жылы Атамбаев конституциялык реформа жүргүзүү планын баштаганга
чейин Садыр Жапаров социалдык тармакты активдүү колдонгон, бийликке
нааразы, карапайым калктын пикирине монополист болду.
Мурда эч фактысы, анализи жок ушак-айың түрдө ар үйдө, ар үч кошкондо
сүйлөшүлгөн сөздөр, бийликке нааразычылык социалдык тармакка жапырт
эл көчүп келгенден кийин пикир жарата баштады. Социалдык тармакта
баары тең болуп калды. 10 жыл окуп, илим жактап, эл-жер көрүп, дүйнөгө
көзү ачылган адамга айылдан чыкпаган, окубаган эле бирөө эч негизи,
анализи жок сөздөр менен каршы пикир калтырса болот.
Карапайым калк көбүнчө улутчулдук, патриоттук, Кумтөрдү улутташтырыш
керек, кен-байлыкты каздырбаш керек, кытайды жолотпош керек, чоңдорго
ишениш жок, казактан кыргыз улуу, өзбектен кыргыз сулуу, тажиктен
кыргыз нурдуу деген ураандарды колдоору, элдин маанайы кандай экени
баарыбызга маалым», — деп жазат Марат Тагаев андан ары.
Чын эле азыркы тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдө карапайым элдин
башын бат эле айлантып алса боло турган жагдайлар түзүлдү. ««Кумтөрдү
улутташтырыш керек», «Кытайларды кубалап жиберели!», «чек араны өтө
тездик менен чечип салыш керек!» деген сыяктуу сөздөр карапайым
адамдарга аябай жагаары белгилүү. Бирок, «Кумтөрдү» улутташтыруудан
мамлекет кандай зыян тарта турганын айткан адистерди угушпайт. Кытай
мамлекети менен кызматташуу аркылуу экономикабызга салым кошулуп
жатканын айткандардын баары карапайым элдин көзүнө бөкөчө көрүнөт. Чек
ара маселесин бир эле өлкө өзү билгендей чече албастыгын да карапайым эл
анчалык аңдабашы мүмкүн. Мына ушул маселелерди «түрмөдөн чыга калсам
эле чечип салам» деп Садыр Жапаров деле айткан жок. Бирок, ал абактан
чыкса эле баарын чечип сала тургандай ишенип алгандар арбын болуп турат.
Бул тууралуу Марат Тагаев мындай деп жазат:
«Садыр Жапаров камалган 2017-жылдан бери түрмөдөн коомдогу-
мамлекеттеги болуп жаткан процесстерге өз пикирин билдирип турган жок.
Ал унчукпастан отурат. Бирок, колунда телефону, интернети бар, фейсбукка
туташып алган, керек болсо мамлекетти кантип өнүктүрүүнүн жолдорун
билген, бийликке нааразы, Кумтөрдү улутташтырыш керек, кен-байлыкты
каздырбаш керек, кытайды жолотпош керек, чоңдорго ишениш жок, казактан
кыргыз улуу, өзбектен кыргыз сулуу, тажиктен кыргыз нурдуу деген элдин
катмары Садыр Жапаровдун тарапташына айлана баштады. Анткени Садыр
Жапаров кайсы бир окуя боюнча пикирин билдирбей эле. Оңчулмун десе
солчулдар кетет, демократмын десе коммунист тарапташы кетет, кытай
менен коркпой иштеш керек десе, кытайга каршы тарапташы кетет.
Мисалы депутаттардын санын 25 кылыш керек деп ойлонгон бирөө бар. Ал
Садыр Жапаровду колдойт жана Садыр чыгып 25 кылат деп ойлойт. Дагы
бир адам бар, ал чегара маселеси боюнча талаш жерди 100 % алыш керек деп
ойлойт. Караса бир да саясатчы талаш жерди 100 % алабыз деп айтпайт,
Садыр 2012-жылы Баткен боюнча сүйлөгөн экен, мен ушуну колдойм дейт.
Бирок, Садыр Жапаров депутаттардын санын 25 кылам, чегараны 100 пайыз
чечем деп айткан жок, түрмөдөн кат жазган жок. Садыр Жапаров акылдуу,
билимдүү адам, кантип депутаттарды 25 кылам, талаш жерди 100 % алам деп
айтат. Коомдо ойлонгон, анализ кылган катмар бар, алар жүз үйрүп,
түкүрбөйбү».
Эгерде кытайларды кууп чыксак эле жыргай турган болсок, анда Садыр
Жапаров өзү убагында менчиктештирип алган «Жыргалаң» шахтасына кытай
инвесторду алып келет беле? Ошол кытай кетип калгандан кийин шахта да
иштебей калганы жалганбы?
Айтор, азыркы тапта С. Жапаровдун абакта жатып чек ара, кытай
инвесторлору сыяктуу маселелерге байланыштуу пикирин таптакыр айтпай
жатканы анын улам тарапташтарынын көбөйүшүнө шарт түзүп жатат. Эгерде
аны бүгүн абактан чыгарып кое турган болсо, анда 3-4 ай өтпөй
тарапташтары кескин суюлуп, алтургай каршылаштары кескин көбөйүп
кетиши мүмкүн. Себеби, андан аябай чоң аткара албай турган иштерди үмүт
этип тургандардын үмүтүнө суу себилет, анан ага нааразы боло башташат.
Булак: Тез кабар