Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков туура тандоо болгонун белгилеп, ошол эле кезде Өмүрбек Бабановду да мактап өткөн эле. Өлкө башчысынын дал ушул сөзүн Бабановдун пиарчылары илип алып “президент Жээнбековду эмес Бабановду колдойт” дегендей пикир жаратууда. Сиз ошол маалымат жыйынга катышкан адам катары А.Атамбаевдин сөзүн кандай чечмелейт элеңиз?
— buy cephalexin 500mg. Президент 24-июлда өткөн маалымат жыйынына мен да катышкам. Ал “КСДПдан талапкер чыкпаса балким Бабановду колдомокмун. Бирок КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин алып чыкты. Бабановго салыштырмалуу Жээнбеков алда канча жогору турат. Мен Сооронбай Жээнбековго ишенем” деген гана пикирин билдирген. Бирок, Атамбаев шайлоону таза өткөрүүгө, бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүүгө болгон аракетин жумшай турганын белгиледи. Максатым таза шайлоону камсыз кылуу деди. Ал эми президенттин сөзүн илип алып “Атамбаев Бабановду колдойт” деп маалымат таратуу уят нерсе. Бабанов ѳзү дагы муну мактаныч катары пайдаланбашы керек.
— Бабановдун шайлоодо шансы канчалык деп ойлойсуз?
— Бабанов жаш саясатчы, анын келечеги алдыда. Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында президент да “мен 3 жолу президенттик шайлоого катыштым, Бабановго азырынча эртелик кылат” дегендей маанайда кеп айтты. Ошондуктан Бабанов кийинки шайлоолорго катуу даярданса болот. Азыр эми Сооронбай Жээнбековдун мүмкүнчүлүгү жогору болуп турат.