Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы революцияга арналган гүл бактын ачылышына катышып жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди. Өлкө башчысы мөөнөтү аяктагандан кийин кандайдыр бир саясый кызматтарга барбай турганын билдирип, спикер да, премьер-министр да болбой турганын белгиледи. Буга чейин Өмүрбек Текебаев “Атамбаев премьер-министр болууну максат кылууда” деп билдирүү тараткан эле. Мындай сөздөргө эми чекит коюлабы?
— uk pharmacies that deliver to usa. Эми бул сөздү президент буга чейин эле айтып келбедиби. Бүгүн дагы ага токтолуп, мөөнөтү бүткөндөн кийин эч бир саясый кызматка барбай турганын айтканы жакшы. Коомчулук муну көрүп турат. Саясатчылардын ушундай бийликке жабышпай, кызматтан мыйзамдын негизинде кеткени туура.
— Атамбаев парламентке өтүү үчүн шайлоочулардын 7 пайыз босогосу кала берсе, мындан ары дагы парламентте 6-7 партия болуп, эч качан туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болбой турганын айтты. Дал ушул 7 пайыздык чекти көтөрсөк туура эле болобу?
— Туура, парламентке өтүү үчүн шайлоочулардын 7 пайыз босогосун көтөрүшү керек. Бара-бара майда партиялар да иргелип, 2-3 партия калса жетет. Ошондо гана өкмөттө, парламентте, өлкөдө туруктуулук болот. Жыл сайын министрлер кабинети алмаша берген менен эмне пайда чыкмак эле?