Жогорку Кеңеш жакын арада Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдү тандай баштайт. Азырынча көпчүлүк коалициядан 1, оппозициялык фракциялардан 1 талапкер көрсөтүлүп жатыптыр. Бийликчил партиялар жаңылбасак, Мадумарова дегенди сүйрөп жатканы айтылууда. Ал эми мурунку Адилет министри, элге эчак жек көрүнүп бүткөн Марат Кайыпов эбин таап “Бир Бол” менен “Республика-Ата Журт” фракциясынан жалгыз талапкер болуп чыгып жатканын уктук. Биздин билишибизче, “Бир Бол” партиясы буга чейин өмүр бою сот тармагында иштеп, Жогорку соттун төрагасынан биринчи орун басарлыгына чейин жеткен, тажрыйбасы мол Ырыс Эсенгулованы талапкер кылып алып чыкканы жаткан. Эми негедир Кайыповго жабышкандары түшүнүксүз. Марат Кайыпов мурун да талапкер болуп өтпөй калган. Ал бул маселе боюнча мыйзамдын 7-пунктуна туш келбейт экен.