Бул тууралуу маалыматты дүйнөлүк ЖМКлар жазып жатышат. Атактуу аргентиналык футболист Диего Марадонанын жеке дарыгери кокусунан киши өлтүрүүгө барган деп шек саналып жатат. Укук коргоо органдары Леопольд Лукенин үйүндө жана жеке кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн.
Марадонанын кыздары атасынын өлүмүнө жеке дарыгери күнөөлүү болушу мүмкүн деген көрсөтмө беришкен. Легендарлуу футболчуга ушул айдын башында (мээсине) операция жасалган. Тергөөчүлөр «Марадона акыркы күндөрү тиешелүү медициналык жардам алганбы, кайсы дарыларды ичкен жана жеке дарыгери Луке жумасына канча жолу келип турган» деген суроолорго жооп издеп жатышат.
Диего Марадона — XX кылымдын эң атактуу футболчуларынын бири. Ал Аргентинанын курама командасы, бир катар түштүк америкалык жана европалык клубдар үчүн ойноп келген. Кийинки жылдары машыктыруучу катары эмгектенип келген. Ал ошондой эле алкогол ичкенди токтотуш үчүн да дарыланып жатканы кабарланган.