Домой Саясат «Манасты» окубагандар жана окуткусу да келбегендерди ким дейбиз?

«Манасты» окубагандар жана окуткусу да келбегендерди ким дейбиз?

132

                   E2DEC6F7-51FD-4525-9D2B-A771BAEB8858_cx0_cy6_cw0_w1023_r1_s

Кече жакында эле президенттик шайлоо болуп өткөндөн кийин, маарага экинчи болуп келген Ө. Бабановдун Таластагы тарапташтары митингге чыгышып, «Бабанов гана президент болушу керек» деген маанайдагы талапты коюп чыгышканын билебиз. Ырас, Талас облусу боюнча талапкер Ө. Бабанов 86% добуш алды. Бирок, андан башка дагы 6 облус бар экенин эмнегедир бул талапкердин тарапташтары эске алган жок сыңары. Биз бир облустун эмес, жалпы мамлекеттин башчысын шайлаганыбызды билип алышыбыз керек.

Мына ошол митингде Талас облусунун губернатору Д. Кенекеев чогулган элдин алдына чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү окуп берүүнү чечкен. Себеби, ал ага чейин айрымдар «президент А. Атамбаев «таластыктар эл эмес деп айтты»» деген бурмаланган сөздү тактап коюуну чечкен. Тилекке каршы ал жерде чогулган митингчилердин арасындагы спортчуларга окшогон жаш балдар ышкырык менен ызы-чуу салышып, «Манастан» үзүндүнү окутпай коюшкан.

Биринчиден, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Нарын облусуна жасаган сапарында сүйлөгөн сөзүн атайылап монтаждап «нарындыктар койсуңар, таластыктар эл эмес» деп айтты деген коомдук пикир жаратууну көздөгөн күчтөр болгон. А. Атамбаев антип айтпаганын ошол жерде отурган эл өзү билет. Ошону менен катар эле мамлекет башчысынын ал жерде сүйлөгөн сөзү тартылып алынган видеоматериалда андай сөз айтылбаганын да өз кулагыбыз менен укканбыз.

Экинчиден, жакында эле өлкөбүздөгү ЖОЖдордун алдыңкы студенттерине президенттик стипендия берүү аземинде А. Атамбаев сөз сүйлөп атып, ошол облус губернатору «Манас» эпосунан үзүндү окуп берейин дегенде, аны окутпай койгон митингчилерге карата «Абыке-Көбөштүн тукумдары» деп айткан. Бул жалпы Талас элине айтылган сөз эмес. Тилекке каршы, муну да бурмалап жибергенге үлгүргөндөр болду.

Айкөл Манас баатыр – кыргыз элинин дүйнө элине сыймыктана, мактана турган тарыхый инсаны. «Манас» эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу. Андыктан аны окутпай коюу – бул чыныгы Манас баатырдын тукумунун колунан келе турган иш эмес эле. Мына ошондо Д. Кенекеев окуп берейин деген «Манастагы» үзүндү залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы варианттагы Эр Манастын көзү өтөөрдө жубайы Каныкейге айтып турган мындай сөздөрү болчу:

«Менин көзүм өткөндө

Бу, Талас сага жер болбойт…

Менин көзүм өткөн соң

Кең Талас сага эл болбойт…».

viagra female germany.

Бул саптар 2010-жылы жарык көргөн «Манас» эпосунун китебинин 953 жана 979-беттеринде бар. Бул сөздөрдү Манас баатыр өзүнүн көзү өткөндөн кийин анын бир туугандары Абыке-Көбөштөрдүн жубайы Каныкейге жана уулу Семетейге жакшылык жасабай турганын алдын ала билип айткан. Ошондон улам Каныкей энебиз Семетейди алып Букарага качкан. Бой жеткенге чейин ал өзүнүн Манастын уулу экенин билбей чоңойгон.

Ал эми Манастан кийин бийликке келген Абыке-Көбөштөр өз элин кандай кыйнаганын, акыйкатсыздык орнотконун жакшы билебиз. Президент А. Атамбаев мына ошол Абыке-Көбөштөрдөй болбойлу, элибиздин биримдигин, ынтымагын чыңдайлы деген ойду айтып атат. Андыктан сөздү бурмалап, жалпы Талас элинин нааразычылыгын жаратууну көздөгөндөр нээттерин түздөп алса дурус болмок.