Домой Тарых “Манас” үчилтигинин бардык  варианттары жарык көрдү

“Манас” үчилтигинин бардык  варианттары жарык көрдү

4813

“Манас” эпосу элибиздин гана эмес, бүткүл адамзаттын баалуулугу болуп саналат. “Манас” эпосубуздун үчилтиги ЮНЕСКОго кирип, бүгүнкү күндө чет элдик окурмандарды да өтө кызыктырып, изилдөөлөр жүргүзүлүп, көркөм тексттер которулуп жатат.

Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту сакталып турган Кол жазмалар бөлүмүндө төмөнкү кол жазмалар толук түрдө басмадан жарык көргөндүгүн окурмандарга сүйүнчүлөп жар салгым келди. Бул басылмаларды даярдаган институттун кызматкерлерине ыраазычылык билдирем.

Манасчылардын тизмеси Туулган, ѳлгѳн жылы Варианттарынын кѳлѳмү
1 С.Орозбаков 1867-1930 “Манас” – 180380 сап.
2 С.Каралаев 1894-1971 “Манас, “Семетей, Сейтек” – 500553 сап.
3 М.Мусулманкулов 1883-1961 “Манас” – 62000 сап; “Семетей, Сейтек” – 45000 сап
4 Б.Сазанов 1878-1958 “Манас” – 21450; “Семетей” – 28783; “Сейтек” – 5220 сап
5 М.Чокморов 1896-1973 “Манас” – 302608; “Семетей” – 71609; “Сейтек” – 23540; жалпы 397557 сап.
6 Б.Абдрахманов (Тоголок Молдо) 1860-1942 “Манас, Семетей, Сейтек” –
7 Ж.Кожеков 1869-1942 “Семетей, Сейтек” – 19445 сап.
8 Ы.Абдрахманов 1888-1967 “Манас” – 26456; “Семетей” – 23584; “Сейтек” – 7839 сап.
9 Д.Кочукеев 1866-1981 “Манас” – 17500 сап.
10 М.Ашымбаев 1899-ж.туулган “Манас, Семетей, Сейтек” – 30386 сап.
11 И.Жумабеков   “Семетей” – 11600гѳ жакын ыр сабы.
12 Ш.Азизов 1927 (1924)-2004 “Манас” – 35 миӊге жакын ыр сабы.
13 Акын Шадыканов 1901 “Манастан” кыскача үзүндү. Кара сѳз, айрым саптары ыр түрүндѳ жазылган
14 Лапаз Кѳкѳзов 1901 Кара сѳз түрүндѳ “Манастан” үзүндү
15 Чүдү Жумабаев 1891 “Семетейден” ыр түрүндѳ кыскача үзүндү
16 Акун Мазиев 1901 “Манастан” ыр түрүндѳ кыскача үзүндү
17 Насыр Искендеров 1933 “Манас” – 14644 сап
18 Имангазы Исагулов Туулган жылы белгисиз “Семетей” эпосунан кара сѳз жана айрым ыр саптарынан турган үзүндү
19 Алымжан Сырдыбаев 1932 “Семетейден” ыр түрүндѳ үзүндү – 1200 сап
20 Жолборсалы Турдалиев Туулган жылы белгисиз “Манастан” ыр түрүндѳ үзүндү – 246 сап
21 Дүйшѳналы Жанаев 1900-ж. туулган “Манас” эпосунан Кѳкѳтѳйдүн ашы – 1780 сап жана арйым кара сѳз түрүндѳ түшүндүрмѳлѳрү бар.
22 Байбураев Токтосун Туулган жылы белгисиз “Семетейден” ыр түрүндѳ үзүндү – 1676 сап
23 Сыдык Эсеналиев 1888-ж.туулган “Семетейден” ыр түрүндѳ үзүндү – 2590 сап
24 Дѳѳталы Касымбаев 1899-ж.туулган “Манас” – 1300гѳ жакын ыр сабы жана кара сѳз түрүндѳ баяндоолор; “Семетей” – 5100дѳй ыр сабы жана кара сѳз түрүндѳ баяндоолору бар
25 Калбүбү Сүйүналиева 1923-ж.туулган “Манастан” ыр түрүндѳ үзүндү – 2230га жакын ыр сабынан турат.
26 Ч.Валихановдун жазып алган варианты   6600дѳй ыр сабы
27

 

У.Мамбеталиев 1934-ж.туулган “Манас” – 6000; “Семетей” – 33745 сап.
28 А.Тойчубеков 1888-1962 “Манас, Семетей, Сейтек” – 63556 сап.
29 Ж.Сарыков 1880-1934 “Семетей, Сейтек” – 45550 сап.
30 К.Атабеков 1926-2008 “Манас” – 28181 сап.
31 Ш.Рысмендеев 1863-1956 “Манас” – 24588; “Семетей” – 42338; “Сейтек” – 11600 сап.
32 А.Рысмендеев 1891-1966 “Манас” – 9361; “Семетей” – 39570 сап.

 

 

А.Акматалиев

Ч.Айтматов атындагы

Тил жана адабият

 институтунун директору, академик

Булак: Багыт