«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын сактоосун текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бажылык укук бузуунун 2 фактысын аныкташты.
ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына «Маршрутизаторлор», «Радиостанциялар жана радиостанциялардын тетиктери» товарлары бажы наркын төмөн баалоо менен ташылып келингендиги аныкталган, мында товарлардын наркынын жалпы суммасындагы айырма 65 878,5 АКШ долларын түздү. Товарларды бажылык тариздөөдө кошумча төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 804 594 сомду түздү.
Факт КБР АИС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.