«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан товарды жалган декларациялоо фактысы аныкталган, бул бажылык укук бузуу болуп саналат.
Түштүк Кореядан «А.Д.» (баштапкы тамгалар өзгөртүлгөн) ЖЧКсына 9022 14 000 0 ТЭИ ТН коду ыйгарылган товар — «X-ray Papaya» үлгүсүндөгү (медициналык, хирургиялык же ветеринардык багыттагы жабдуулар) стоматологиялык рентген аппараты Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык КНСтен бошотулуп, келип түшкөн.
Бирок, бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бул продуктуну 9022 13 000 0 ТЭИ ТН коду боюнча классификациялап (стоматологияда колдонуу үчүн жабдуулар, башка), КНСтен бошотпоо кекеректиги аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 578 056 сомду түздү.
Аталган факты КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.