Домой Коом «Манас» бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды

2833

«Манас» бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды.

«А.С.» ЖЧКнын дарегине ИЛ-76ТД аба кемеси товары ташылып келинген жана убактылуу ташып келүүнүн (кирүүнүн) бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, ташып келүү мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.
ЕАЭБ Бажы кодексинин 221-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бажы органы тарабынан белгиленген убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосун колдонуу мөөнөтү жактын арызы боюнча бул мөөнөт аяктаганга чейин же бул бажы жол-жобосун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен узартылышы мүмкүн.

Бирок, бүгүнкү күндө «А.С.» ЖЧК тарабынан убактылуу ташып келүүнүн бажы жол-жобосунун мөөнөтү узартылган эмес жана башка бажы процедурасы тандалган эмес.

Ошентип, бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 002 433 сомду түздү.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.