Домой Криминал “Манас” аэропортунан унаанын багажынан өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылды

“Манас” аэропортунан унаанын багажынан өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылды

228

Маалымдалгандай, кечээ 22-октябрда белгисиз адамдар жаранды өлтүрүп, сөөгүн багажга салып кетишкен. Маркумдун сөөгү бүгүн табылды.
Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон адам Чүй облусундагы Комсомол айылынын тургуну болгон. Ал үйүнөн аэропортко кеткен бойдон дайынын чыгарган эмес. Сарсанаа болгон иниси аэропорттун милициясына арыз жазган. Издөө иштери жүрүп, четте токтоп турган унааны текшергенде, багажынан киши колдуу өлтүрүлгөн жарандын сөөгү табылган.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Булак: Элдик Медиа