Домой Коом Мамлекеттин каражаты өз ээлерине жетип жатабы?

Мамлекеттин каражаты өз ээлерине жетип жатабы?

38

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып Кыргызстанда ар дайым кароого муктаж болгон, мүмкүнчүлүгү чектелүү 18 жашка чейинки балдарды багып жаткан ата-энелерге атайын каражат бөлүнүп, аларга «жеке ассистент» деген кызматы үчүн маяна төлөнө баштады. Ал бир райондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен бекитилген тарифке ылайык соцфондго жана салык кызматына атайын каражат чегерилет.

Биз жакында Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Исановго жолугуп, аны менен тармактын кызматкерлери тарабынан мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатты өз ээлерине жеткирүүдө кандай багыттагы жумуштарды жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маектешип кайтканбыз.

— Өзүңүздөргө жакшы малым, бул маселе эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан бир топ жылдардан бери көтөрүлүп, ал жогорку органдарга сунушталып келген. Ал маселе Жогорку Кеңеш тарабынан талкууга алынып, атайын токтом кабыл алынган. Ал мамлекет башчысы тарабынан да колдоого алынды. Анын негизинде жалпы республика боюнча 6000 миңге жакын, анын ичинен биздин райондогу дайыма кароого муктаж болгон 121 баланын ата-энеси же эң жакындары атайын маяна алуу укугуна ээ болушту.

Атайын бекитилген жобого ылайык биздин кызматкерлер мына ушундай мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды МСЭКтин кароосунан кайрадан өткөрүүнү, керектүү документтерди топтоону колго алышып, аны көзөмөлдөп турушту. Ошондой эле «жеке ассистент» деген кызматы үчүн төлөнүүчү маянаны атайын карточка менен банк аркылуу алуусу үчүн акысыз эсеп ачуусуна жардам беришти. Мындан тышкары алар баланы талапка ылайык багуу боюнча жеке аңгемелешүүдөн жана атайын окутуудан өткөрүлдү.

Азыркы учурда «жеке ассистент» деген кызматына укуктуу болгон ата-эненин колуна 4900 сом тиет. Ал бир райондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен бекитилген тарифке ылайык Аксы райондун шартында соцфондго 548, салык кызматына 300 сом чегерилет. Соцфондго которулган бул сумма алар пенсияга жашы жеткенде көбүрөөк пенсия алууга шарт түзөт. Ар дайым бирөөнүн кароосуна муктаж болгон менен мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдардын ата-энелер мамлекеттин мындай камкордугу үчүн ыраазылыгын билдирип жатышат.

Азыркы учурда биздин адистер жеке ассистенттер жашаган үйлөргө мезгил- мезгили менен барып, кароого муктаж болгон балдардын талапка ылайык багылышын баалоо жумуштарын жүргүзүп турушат. Жобого ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген мындай балдар талапка ылайык каралбай калган мезгилде бул кызмат башка адамдарга берилет. Бирок мындай учур биздин райондо катталган жок.

Бизге ар дайым кароого муктаж болгон, мүмкүнчүлүгү чектелүү 18 жаштагы жогору болгон майыптардын ата-энелери да көп кайрылышат. Биз аларга «бардык нерсе каражатка барып такалат, сиздер айткан маселе мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша чечилет. Азыр баарыбызга белгилүү, мамлекетибиздин чама-чаркы чектелүү. Бирок бул маселе ордунан козголду Келечекте аларга да каражат табылып калат деген үмүттөбүз» деп түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,

Жалал-Абад облусу

Булак: “Ачык сөз”