Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышууга болбойт. Бул тууралуу премьер министр Кубатбек Боронов билдирди.
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, «мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоого карата үгүт иштерине катышуусуна тыюу салынат» — деп жазылган. Мыйзамдын сакталышына укук коргоо органдары көзөмөл жүргүзүшү зарыл.
Шайлоо учурунда күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул боюнча шайлоону уюштуруу боюнча штабдын отурумунда бир нече жолу күч органдарына, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырмалар берилген. Алар бул боюнча иштерди алып барууда.