Домой Коом Мамлекеттик телеканалда жетекчи алмашты. Эми “ЭлТРди” жаңы директор башкарат

Мамлекеттик телеканалда жетекчи алмашты. Эми “ЭлТРди” жаңы директор башкарат

9

Мусаев Айбек Ырсалиевич берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, ал аталган телеканалды 2016-жылдан бери жетектеген. Ага чейин өкмөттүн басма-сөз кызматында эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми бошогон орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 41-жаштагы Керимбек Калыкуловду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директор кылып дайындады.

Кошумчалай кетсек, Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

  • «Ош шамы» гезитинин башкы редактору;
  • Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
  • Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу;
  • Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору;
  • «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары;
  • Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Булак: Апрель