Домой Экономика Мамлекеттик карызды тейлөөгө жети айда канча каражат жумшалганы айтылды

Мамлекеттик карызды тейлөөгө жети айда канча каражат жумшалганы айтылды

41
Үстүбүздөгү жылдын жети айында өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 18 миллиард 880,2 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында кабарланды.
Эске салсак, тышкы карыз — эл аралык уюмдардан жана башка мамлекеттерден чет элдик валютада алынган карыз. Ички карыз — мамлекеттик баалуу кагаздарды (сом менен) чыгаруу эсебинен түзүлөт.
Январь-июль айларында сумманын дээрлик көбү, башкача айтканда, 12 миллиард сому тышкы карызды төлөөгө жумшалган. Калган 6,9 миллиард сом ички карызга кеткен. Ошол эле учурда 2021-жылы жарым жылдыкта (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарптап, рекорд койгон.

Мамлекеттик карыздын көлөмү

Соңку маалыматтар боюнча (июндун аягы), мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 224,43 миллион сомго жетти. Анын ичинен 4,2 миллиарды сырттан алынган. Акыркы жылдары төлөнгөн каражаттын көлөмү өсүп баратат.