Домой Экономика Мамлекеттик карыз 5 млрд долларга жакындыды

Мамлекеттик карыз 5 млрд долларга жакындыды

14

Быйылкы жылдын 31-январына карата Кыргызстандын жалпы карызы 4 млрд 954 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз.

Сомго улуттук валютага айлантканда  сумма 407 млрд. 353,36 млн. сом болот. Натыйжада бересенин 348 млрд. 807,69 млн. сом сырткы, 58 млрд. 545,66 млн. сом ички булактарга туура келет.

Маалыматка ылайык, эң көп карыз Кытайдан алынган. Ал тышкы карыздын 41,8% түзөт.