2023-жылдын 31-январында Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында «2022-2024-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү концепциясында» каралган иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында БДБУнун эксперти И.Бабаев менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин өкүлү Р.Гулиевдин жумушчу сапарына байланыштуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тышкы сооданы өнүктүрүүгө жана бажылык башкаруунун сапатын, натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бажы тармагына заманбап инновациялык долбоорлорду киргизүү аркылуу тышкы экономикалык иштин натыйжалуулугун камсыздоого багытталган долбоорлорду мындан ары ишке ашырууну талкуулашты.
Жолугушуунун негизги багыты WEB технологияларынын, анын ичинде ар кандай подсистемалардын негизинде бирдиктүү маалыматтык платформаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, бажы объектилерин жана бажы чөйрөсүндөгү субъекттер тарабынан колдонулган программалык камсыздоону бирдиктүү системага интеграциялоону талкуулоо, бажылык жол-жоболоштурууну тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу болду.
Орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүнүн негизги принциптерин жана векторлорун чагылдыра турган «2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын» иштеп чыгууда, И.Бабаев эл аралык эксперттик колдоо көрсөтүү максатында тартылып, Азербайжан Республикасынын бажы кызматынын тажрыйбасы колдонулган.