Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын январь айында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча планды 316,4 млн сомго ашыра аткарды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын январь айында республикалык бюджетке иш жүзүндө 6,042 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 миллиард 115 миллион сомго көбөйдү, же өсүү темпи 122,6%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 105,5%га аткарылып, 316,4 млн сомго көп чогултулду.