«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу өтүп жаткан сотко мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү келүүдөн баш тартышты.
Өмүрбек Абдрахманов, Азат Базаркулов сыяктуу күбөлөрдүн отурумга келүүдөн баш тартышына «коомдук-саясий кырдаалдын өзгөргөнү» негиздеме катары көрсөтүлдү.
23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишине байланыштуу кезектеги отурум болду.
Ноябрдагы отурумдарда экс-президент Роза Отунбаева, 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берип, баары аларга коюлган айып негизсиз экенин билдиришкен.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген.
Жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.
Булак: Азаттык