Шайлоо астында көрүнүктүү үч компания калк арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Бул тууралуу президент 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
“Башында биздин президенттикке талапкердин рейтинги 3 пайыз болсо, Ѳмүрбек Бабановдуку 39 пайыз болгон. Бүгүн болсо Бабановдун рейтинги 20 пайыз, биздин талапкердики 40 пайыздан ашуун. Мындан ары да көбөйөт, анткени учурда биздин эл бөлөк. Биздин эл ак-караны ажыратып калган. Бул үчүн буга чейин кандай болгон жана келечекте кандай болорун эске салуу жетиштүү”, — деди А.Атамбаев.
Буга чейин “Эл пикир” сыяктуу бир катар абройлуу уюмдардын социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгы жарыяланган. Анда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы колдой турганы аныкталган.