Домой Саясат Мамкаттоонун орун басары Туйбаева кимдерди «туйлатып» жатат?

Мамкаттоонун орун басары Туйбаева кимдерди «туйлатып» жатат?

146

«Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамкаттоонун төрага орун басары Айнура Туйбаева акыркы кездери интригага белчесинен батып, кол астындагыларга кыргыйдай тие баштаптыр. Анан калса, «көчүк чукумай» жагынан да адистешип кеткенин айтышууда. Айдоочулук күбөлүк берген автомектептердин директорлоруна куугунтук кьлганы, ишке тоскоолдук жаратканы кандай?

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев системадагы коррупцияга каршы күрөшүп, коллективди тазалап, заманбап шартка жараша жаңы мекемелерди ачып атса, ага мурдун чүйрүп, артын текшертип, үстүнөн арыз жаздырууга далбастап, айтор, ичине таруу айланбагандай амалдарга барып атканы айтылууда. Мамкаттоодогуларга Айнура Туйбаева «баба ягадай» эле жүрөккө баттыбы? Бул минтип «туйлаткан» өнөрүн таштабаса, өзүнүн арты чукулуп, шектүү изи тизмектелбейби? Буга чейин Туйбаева кайсы жетекчилерди коррупцияга түрткөнү боюнча ачыкталабы? Өзүнүн да өтмүшү өлө кызык экен.

Булак: «Азия ньюс»