«Республика» партиясынан Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясына кеткен Марлен Маматалиев аталган партиянын шаардык штабын жетектеп жатканы айтылууда. Буга чейин маалым болгондой, бул партиянын төрагасы мурунку «Өнүгүүчү» Мирлан Бакиров. Бирок ал убактылуу гана төрага гана экенин айтышууда. Башка партиялардын төрагалары жаштар болуп жаткан соӊ, Матраимовдор да лидерди жаш саясатчыдан кылалы дешкенби, айтор жакында Марлен мырзаны партиянын төрагасы кылышат экен. Маматалиев билимдүү, иш билги жигиттердин бири катары сыпатталып келет. Демек, партиянын ишин тартып кетет.
Булак: Багыт