Домой Коом «Мамагенттик бүгүнкү күндө «Жашылдар» партиясынын офиси болуп калды. Маалыматтын баары…»-видео

«Мамагенттик бүгүнкү күндө «Жашылдар» партиясынын офиси болуп калды. Маалыматтын баары…»-видео

83

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары Мамагентиги) жамааты жетекчилигине репутатциясы шектүү бул кызмат ордуна татыксыз адам келгенине жана анын эки ай башкаруусундагы кылган кылык жоруктарына чыдамы түгөнгөндүктөн мөөнөтсүз акцияга чыкты.

Кутманова Динара курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик системасында 1998-жылдан баштап 2006-жылга чейин ар кайсы кызматтарда иштеп, далай финансылык мыйзам бузууларга баргандыгы үчүн, эки ирет бошотулган.

Д.Кутманованын мыйзам бузуу  фактыларына санак жетпейт. Жалпысынан ошол кезде бир нече миллиондогон сомдорду өзүнө ыйгарып, мамлекетке ири суммадагы зыян келтирген.

Андан сырткары республикада ар бир бийлик алмашкан сайын Д.Кутманова Мамагенттикке ОПГ өкүлдөрүнүн колдоосунда рейдерлик басып алуу жолу менен жетекчи болууга аракет кылуу менен, ошол убактагы жетекчи М.Аманкуловду коллективдин көзүнчө кабинетинен эшикке сүйрөп чыккан.

Азыркы убакта Кутманованын ар түрдүү мыйзамсыз буйруктарынын негизинде Мамагенттикте баш аламандык орноп, көп жылдардан бери эмгектенип келген кызматкерлерди каралоо , куугунтуктоо иштери күч алды.

Ошол эле убакта терс көрүнүштөрдүн бири- Мамагенттик бүгүнкү күндө “Жашылдар партиясынын”  филиалы болуп калды. Эки айдан бери бүткүл  Мамагенттик  боюнча маалыматтык материалдар жыйналып, “Жашылдар партиясына” берилип жатат. Д.Кутманованын мындай мыйзамсыз иш  аракеттери Мамагенттиктин ишине өтө терс таасирин тийгизип , жамаатта толкунданууну жаратты.

Айлана чөйрөнү коргоо тармагы ушуга чейин көп сынга алынганы менен жетекчиликке дайындалган кадрларга талап коюлбай келет. Д.Кутманова сыяктуу репутациясы булганган, моралдык-этикалык өзөгү жок адамдын бүтүндөй бир ири тармакка жетекчи болуп дайындалышы азыркы бийликтин аброюна чоӊ шек жаратууда.

 

Өтүп бараткан 2020-жыл бүтүндөй кыргыз эли үчүн оор жылдардан болду. Пандемия, саясий орчундуу өзгөрүүлөр жана экономикалык оорчулуктар (төмөн айлык, баалардын өсүшү) элдин шайын алып бүттү. Ушундай шартта Мамагенттиктин жамааты Д.Кутманованын кылык жоруктарына кыжыры кайнап, чыдамы кетип, аны жумуштан алууну талап кылат.

Мамагенттиктин эмгек жамааты. 28-декабрь. 2020-жыл.

Нет описания.