Социалдык тармактарга “Мөлмөлүм” ырын катыра аткарган ырчы Малик Аликеевдин төшөктө жатып ырдаган видеосу тарады. Мындан улам колдонуучулар Аликеев көптөн бери төшөктө жатат деп жазышкан. SUPER.KG порталы Малик Аликеевдин продюсери Чынара Итигулова менен байланышып, ырчынын абалы тууралуу билди. “Малик жарым жылдан ашты кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алган. Ал жерге темир коюш керек болуп жатат. Мурун Бишкекке келип көрүнүп кеткен болчу. 1-мартта кайра келип операциянын алдынан анализ тапшырса, жыйынтыгы жакшы чыкпай, кальций жетишсиз болуп жатат дешиптир. Кальций жетиштүү өлчөмгө көтөрүлсө, анан бекер жасап берем деп хирург Сабырбек Жумабеков өзү айткан экен. Азыр абалы видеодогудай эле. Эртең менен бир, кечинде бир ооруну басаңдатуучу дары сайдырып, күн кечирип жатам дейт. Буюрса, жакын арада Таласка жол ачылса, Маликти Бишкекке алып келебиз деп жатабыз. Ал тура албайт да, жаткан абалда алып келиш керек болот. Негизи эле Маликке жардам болсун, концерт уюштуруп берели десек, уят эмеспи деп болбой койгон. Мындан ары да абалын карап көрөбүз, буюрса, басып кетет деген үмүтүбүз чоң”, – деп билдирди Итигулова.
Булак: Супер.кж