“Тамчы-Корумду” 61 км.жолун салуу боюнча уюштурулган тендерди иликтеген комиссия “тендерди кытайлык фирма утканын, андан миллиард сом аз алып ишти аткарууга белсенген фирмага бербей, ошол үчүнчү категориядагы жолду салууга гана укугу бар кытайлык компания утуп кеткенин айтып чыкты. Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев депутаттардын сынын туура деп кабыл алды. Бирок, бул маселеде ким жооп берери жоопсуз калды. Азыр тендердик комиссиянын курамына киргендер суралып жатыптыр. Жол болсо чектелген мөөнөттө бүтпөй турганы айкындалды.