Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду (ИФАД) «Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү — 2″долбоорунун ишке ашыруусуна ИФАДдын миссиясы жакшы баа берди.
Миссиянын курамынабашчы экономист Анара Джумабаева, экология жана климат бонча адис Оливер Мунди, жайыттарды башкаруу жана мал чарба адиси Бен Нортон,ветеринария адиси Жолдошбек Дадыбаев, сатып алуулар боюнча адис Нино Гогсадзе кирген. Миссияны КыргызстандагыИФАДдын директору Микаель Kaутту коштоду.
«Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү — 2» долбоору жөнүндө кыскача маалымат
Бул долбоор 2014-жылы башталып, 2020-жылы аяктайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттарын камтыйт. Долбоордун жалпы баасы $39,5 млн. Күтүлүүчү натыйжалар: (i) жайыттардын жеткиликтүүлүгүн жана өнүмдүүлүгүн жогорулатуу; малдын тоютун көбөйтүү; (ii) малдынденсоолугужакшыртуужанамалдынөлумүнкыскартуу; (iii) өндүрүштүөстүрүүүчүнсүт нарктутумунунжогорулатуучумаркетинг боюнчаөнөктөштүк.
Ишкеашырууагенттиктери — Айылчарбадолбоорлорунишкеашыруубөлүмү (ОРСП) жана АРИС.
|
Миссия ар кандайминистрликтердин жетекчилери менен жолугушуп, долбоордун жетишкендиктеринжана көйгөйлөрүнталкуулашкан. Жайыттарды башкаруудагы, ветеринариядагы иш-чаралар менен таанышуу үчүн аймактарга барып,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен, Жайыт пайдалануучулар бирикмелери (ЖПБ), жеке ветеринарлар, ошондой эле айыл жергесинде иш алып барган аялдардын топтору менен жолугушкан.
Жыйынтыгында Миссия долбоордyн иштерин жакшыртуужана иш-аракеттерин жөнгө салуу боюнча сунуштарын айтты.
«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү — 2» долбооруун негизги натыйжалары
- Жайыттарды башкаруу боюнча мыйзам актылары даярдалды. Долбоордун иш-аракеттеринин аркасында талаш-тартыш маселелер 10% га азайды жана жайыттардын жеткиликтүүлүгү жайыт пайдалануучулардын бардык категориялары үчүн жогорулады.
- Кыргызгидрометкеэрте эскертүү системасын уюштуруу үчүн төмөнкү жабдуулар сатылып алынган жана орнотулган: жогорку эсептөө кластерлер, сервер, мониторлор, программа.
- Беш жыл ичиндеК.И.Скрябин атындагы КУАУнун ветеринария жана биотехнология факультетинде окуган 68 студенттинокуу акысы төлөндү, алардын алтоосу кыздар. 2019-жылы алар ветеринар адиси дипломдорун алышты.
- КУАУнун ветеринария жана биотехнология факультетиндеэлектрондук китепкана иштеп баштады. Аны менен www.fvm.knau.kg. Сайтынан каттоодон өткөндөн кийин окутуучулар, студенттер жана кызыккан адамдар колдоно алат. Андан Кыргызстандын ветеринарлары Орусиянын жана жергиликтүү авторлорунан маалыматты ала алышат.
- Сүт продукциясын кайра иштетүү, курут кургатуу жана чеберчилер топторун мобилизациялоо иштери өттү. Аларга бизнести өнүктүрүү үчүн гранттар берилет.
- Кошумча нарк тизмекчесин өнүктүрүү боюнча аткарылган иштин натыйжасында төмөнкү багыттар боюнча 26 чакан долбоор пайда болду, алардын суммасы 30,75 млн сом:
3 чакан долбоор — логистикалык борбор түзүү — 12,7 млн;
4 чакан долбоор–күнөскана куруу — 8,2 млн;
5 чакан долбоор -тамчылатып сугарууну түзүү — 6,7 млн;
4 чакан долбоор –балчылык- 4,2 млн;
2 чакан долбоор — жемиш жана жашылчаларды кургатуу — 2,8 млн;
1-чакан долбоор — сүттү кайра иштетүү — 1,6 сом млн;
4 чакан долбоор–жүндү кайра иштетүү — 1,5 млн;
3 чакан долбоор –курут өндүрүү — 1,23 млн.
- Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин 457 чакан долбоору ишке ашырылган, алардын ичинен 16 — жайыттарды жакшыртуу, 157 – жайыттардын инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, 271 — малдын ден соолугу, 214 чакан — жабдууларды жана техниканы сатып алууга багытталган. Ишке ашырылган чакан долбоорлордун жалпы суммасы 700 млн сомду түзгөн.
- Жеке ветеринарларга 378 ветинструмент жана 378 мотоцикл берилген. Жалпы суммасы 40 млн сомду түзгөн.
- Жайыттардын тышкы чек араларынын карталарысанариптештирилди. Алар жайыттарды башкаруу пландарын иштеп чыгуу үчүн Жайыт комитеттерине жөнөтүлдү. Бул иш жайыт Жайыт комитеттердин ортосундагы чыр-чатактардын санын азайтуу, жайыттарды натыйжалуу башкарууга таасир этет.
- 41 Коомдук үрөн фонду түзүлгөн.Алардын 16 Ош облусунда, 7 — Баткен, 18 — Жалал-Абад облустарында жайгашкан. Аларга минералдык жер семирткичтер жана жаздык арпанын үрөндөрү жеткизилген.
Эл аралык айыл-чарбасын өнүктүрүү фонду (ИФАД) — Бириккен Улуттар Уюмунун мекемеси. Кыргыз Республикасы ИФАД фондуна 1996-жылы кошулду.
Учурда ИФАДдын каражылоосунда эки долбоор ишке ашырылууда: «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» (2013-2019) жана «Рынокторго чыгууну камсыздоо» (2018-2023). «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү — 1» долбоору2019-жылдын 30-сентябында аяктаган. Учурда «Жайыт ресурстарын туруктуу башкаруусу» жаңы долбоор иштелип чыгууда жана болжол менен 2020-жылы башталат. ФАОнун инвестиция борбору долбоорлорду иштеп чыгууда, ошондой эле аларды ишке ашырууда колдоо көрсөткөн.