Англияга тажрыйба алмашуу үчүн барып келген депутат Элвира Сурабалдиеванын Максим Бакиев тууралуу билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ал өзүнүн соцтармагындагы баракчасына:
«Бул жактан Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевге болгон доодон баш тартабыз дегенди билдириптир. Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн анын күнөөсүн эл аралык сотто далилдешибиз керек. Бакиевдин Кыргызстанда жасаган экономикалык кылмыштары боюнча экономикалык доонун мөөнөтү 2016-жылы 6-апрелде аяктайт. Биздин аткаминерлер аталган сот иши боюнча лондондук адвокаттардын кызматын төлөө үчүн каражаттын жоктугун айтышкан экен. Биз бюджеттен миллиарддап уурдалган каражатты кайтаруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жаткандыгыбызды белгилеп айткым келет», — деп жазды.
Депутат бул маселени “өкмөт саатына” карата тургандыгын да билдирди. Өкмөт болсо бул маселеге “өлүп кетсин” дегендей мамиле кылып турат. Намыс деген жок да, каражат маселесин чечип, Максимдин башка жолдор менен болсо да таптакыр түбүнө жетүүгө же түрмөнүн түбүндө чиритүү үчүн баш оту менен киришүү керек эле го. Кыскасы, өкмөт бул маселеден утулганы, Максим болсо дале болсо утканы калды.