Домой Коом Максат Нурболотов: Саясат эмес, экономиканы көтөрүү маанилүү болуп турат

Максат Нурболотов: Саясат эмес, экономиканы көтөрүү маанилүү болуп турат

93

Бишкек

salbutamol on line. Максат мырза, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга 7 жыл толгону турат. Жакында бул датаны белгилейбиз. Бул аралыкта ошондо чыккан элдин үмүтү акталдыбы?

— Элдин үмүтү бара-бара акталып баратат. Кыргызстанда жашоо күн сайын оңолууда. Элдин турмушу деле жаман эмес. Бирок, Бакиевчилер дагы деле бийликтен үмүт кылып, реваншисттик аракеттерин токтотпой келет. Элибиз өзгөрүүлөрдү көрүп эле турат.

— Ошондогу элдин кандай үмүттөрү аткарылбай жатканын айтат элеңиз?

— Экономика жагынан чынында аксап жатабыз. Бул дүйнөлүк кризиске байланыштуу болсо керек. Өкмөт жакшы иштеп, депутаттар да саясатты токтотуп өз милдеттерин аткарса болот эле. Бизге азыр саясат эмес, экономиканы көтөрүү маанилүү болуп турат.