Домой Саясат Максат Мамытканов вице-премьерликке кантип барып калганын айтты

Максат Мамытканов вице-премьерликке кантип барып калганын айтты

143

Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов «Спутник Кыргызстан» радиосуна маек берген.

Маектин жүрүшүндө кантип кызматка барып калганын, аны кимдер сунуштаганын айткан.
«Садыр Жапаров депутаттардын колдоосуна ээ болуп, премьер-министрдин иш бөлмөсүнө отурган. Ошондо ал киши жалгыз иштей албай турганын айтып, кызматташууну сунуштаган. Кийин ызы-чуу болуп, үчүнчү жолу резиденцияда шайланды. Ал күнү мен митингге баратсам, мага телефон чалышып, тез арада резиденцияга келип калуумду суранышты. Ошол жерде иштеген бир бала мага костюм менен галстугун чечип берип, ошол менен депутаттардын алдына киргем», — дейт Мамытканов.

Ал ноябрь айында 20 миң сом, декабрь, январь айларында 40 миң сомдун тегерегинде айлык алганын айтып берди.
«Ачык эле айтып коеюн, ноябрдын 15 күнүнө 20 миң сом, декабрь, январь айларында 40 миң сомдон ашпаган айлык алдым», — дейт мурдагы вице-премьер-министр.