Парламенттеги “Республика – Ата журт” фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоого диний кызматкерлер да кийлигишип жатканын билдирди. “Бүгүнкү күндѳ ал эмес муфтий баш болуп кийлигишип атат. Чүй облусунун казыятын коркутуп, сѳгүп атат. Ар бирин ондон адам алып келесиӊер деп имамдарга айтып, болбосо жумуштан кетесиӊ деп коркутуп атыптыр”, — дейт ал. Чын эле сизге муфтий Максат ажы Токтомушев кысым көрсөттүбү? elimite cream at cvs.
— Мындай окуя болгон эмес. Бул депутат аны кайсы маалыматка таянып айтып жатканы мен үчүн түшүнүксүз. Диний кызматкерлер эч качан саясатка аралашпайт. Тескерисинче, муфтияттан шайлоого аралашпоо боюнча тапшырма берилген.
— Сиздер тарапка кандайдыр бир күчтөр үгүт жүргүзүп барып жатабы?
— Жакында айрым диний кызматкерлердин шайлоого аралашканы ачыкка чыгып катуу эскертүү берилген. Андыктан дин кызматкерлери тарабынан буга жол берилбейт.
— Депутат жалган маалымат таратканы үчүн сотко кайрыласызбы?
— Депутаттын сүйлѳгѳн сѳзүн жакшылап иликтеп чыгам, анан бир чечим кабыл алам. Жаран катары ѳз укугумду коргогонго мыйзам жол берет.