Домой Коом Максат айылынын мектеби толугу менен калыбына келтирилди

Максат айылынын мектеби толугу менен калыбына келтирилди

9

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Баткен облусуна болгон иш сапарында Лейлек районундагы Максат айылына барды. Ал жактан Марипов кыргыз-тажик куралдуу жаңжалынын кесепетинде жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, турак жайлардын жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.

Мариповдун айтымында, Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилди, ал «1-сентябрдан тартып окуучуларды кабыл алууга даяр».

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, азыркы учурда Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жана 100 орунга эсептелген «Сейтек» балдар бакчасынын курулушу 70%га жыйынтыкталган.

Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70%га бүткөрүлгөн. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, жалпысынан Лейлектин Максат айылында 83 турак жай курулмакчы.