Домой Маданият Макс Мырза: “Сары тоокту” 7-классымда эле ырдап чыккам”

Макс Мырза: “Сары тоокту” 7-классымда эле ырдап чыккам”

135

      19457900_1348906885187054_176489568_o nizagara cheapest.

Жаш ырчылардын арасында “Сары тоок” атттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы, актер Макс Мырза менен маектештик.

— Макс, сени сахнага алып чыккан «Сары тоок» аттуу ыр болду окшойт ээ?

— Мени ырчы катары “Сары тоок” деген ыр таанытты десем жаӊылышпасам керек. Ал ырды мен 7-классымда эле ырдап, мектептеги Нооруз майрамында ырдап чыктым эле. Чоӊ сахнага да дал ошол ыр менен чыктым.

— Балалыгын каякта өткөн?

— Мен Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун кызыл-Дөбө айылында төрөлүп, бактылуу балалыгым ошол айылда өттү. 6 жашыма чейин чоӊ ата – чоӊ энемдин колунда өстүм.

— Ырчылыктан тышкары сени актёр катары да таанышат эмеспи, негизги кесибиӊ эмне?

— Негизги кесибим кино-театр актёру. 3 жыл Учур театрында өз кесибим менен эмгектендим. Июнь айынын башында ал жактан чыгып кеттим. Азыр Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 2-курста сырттан окуп жатам. Буюрса телевидение жана радиоберүүлөрүнө режиссёрлук кесипти аркалап чыгам. Андан тышкары азыр “Дөөлөт” котормо студиясында кинофильмдерге үн коштойм.  Ал эми актёрлугумду буюрса күздөн баштап улантам, күзүндө башка театрга барып өнөрүмдү сынап көрөм.19478156_1348907215187021_2121568591_n

 

— “Ызы-чуу” тасмасына кантип катышып калгансыӊ?

— Ызы-чуу тасмасына мен кастинг аркылуу эмес ал тасманын режиссёру Кубат Шамшиевдин сунушу менен катышып калгам.

— Кинодон тышкары спектаклдерде көрүп жүрөбүз…

— 2014-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы “Театралдык окуу жайын” аяктаган соӊ Учур театрына актёр катары жумушка киргем.

— Спектаклдерде кимдин ролун жаратууну кыялданып жүрөсүӊ?

— Спектаклдерде Уильям Шекспирдин, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы бардык каармандарды ойносом деген тилегим бар.

— Кино, театр жана ырчылыктын кайсынысы жүрөгүӊө жакын?

— Мен үчүн театр актёру негизги кесип болгондуктан, ушул күнгө чейин жүрөгүм театр деп сокчу. Эми ырчылыгымды да өркүндөтүүгө убакыт келди окшойт.

— Репертуарыӊда канча ыр болуп калды?

— Репертуарым менен катуу иштеп жатам. Буюрса 13 жаӊы ырга толукталды. Жакын арада альбом чыгарсамбы деп турам.

— Клип тартаарда, ыр тандаарда кеӊешчиӊ ким?

— Ыр тандоодо К.Ниязбеков байке кеӊешин берет жана досторумдун кеп-кеӊештерин угам. Ал эми клипти тарттырууда клипмейкерге толук ишенем. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун дегендей, ар бир иште профессионалдарга ишениш керек.

— Күйөрмандарыӊа кандай жаӊылыгыӊ бар?

— Күйөрмандарыма жакында жаӊы ыр клиби менен тартуулайм деп турам. Орозодон кийин буюрса радио, теледен кетет. КТРК Маданият телеканалдары менен биргеликте “Тамсил” аттуу долбоордун үстүндө эмгектенип атам. Буюрса сентябрь айында жалпы журтчулук көрө алат.

 

Төлөбүбү Касымалиева