Домой Коом Майрамдан кийин «Тазалык» аянттан 3 тонна таштанды чыгарды

Майрамдан кийин «Тазалык» аянттан 3 тонна таштанды чыгарды

96

Бишкекте Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык майрамдан кийин үч тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, аянтты тазалоо иштерине 60 кызматкер жана беш атайын техника тартылды. Таштанды үчүн борбордук аянтка 30 контейнер коюлган.

Жибек Каракееванын билдирүүсүндө быйылкы таштанды былтыркыга слыштырмалуу 1 тоннага азайган.