Домой Коом Майлуу-Суудагы өзгөчө кырдаал: Акылбек Жапаров прокуратура кылмыш иш козгой турганын айтты

Майлуу-Суудагы өзгөчө кырдаал: Акылбек Жапаров прокуратура кылмыш иш козгой турганын айтты

74

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна келип, 13-январда өзгөчө кырдаал режими (ызгаардуу аяздан улам шаардагы суу түтүктөрү тоңуп, турак жайларга жылуулук жана таза суу берүү токтотулган) жарыяланган Майлуу-Суу шаарына жөнөп кетти.

Маалым болгондой, ал жылуулук тармактарындагы оңдоо, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жергиликтүү калкты жылуулук жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды. Суу түтүктөрүндөгү авариянын келип чыгуу жагдайларын, анын ичинде шаардык коммуникациялардын алдыдагы кышка даярдалбай калышынын себептерин тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Ошондой эле гуманитардык жардамды чыгарып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү жана суу жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды.

Андан соң жылуулуксуз калган батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Ушул ызгаардуу суукта сиздер кыйын кырдаалга кабылып турасыздар. Сиздер жалгыз эмессиздер. Биз жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезеги менен ар бир үйгө жеткирилип жатат. Кырсыктын себептери дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деди ал.

А.Жапаров буга катар эле оңдоо иштерине бюджеттен 20 млн сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жылуулук түтүктөрүнүн 70% ашыгынын эскилиги жеткенин билдирди. Жылуулук тармактарын калыбына келтирүүгө оперативдүү оңдоо бригадалары тартылган.