Домой Дүйнөдө Майкл Хайден: Сергей Лавровдун жеке почтасын окуш үчүн тоону да комтормокмун

Майкл Хайден: Сергей Лавровдун жеке почтасын окуш үчүн тоону да комтормокмун

56

Майкл Хайден

ЦРУнун жана АНБнын экс-деректири М.Хайден деген СННге берген маегинде: «Мен эмдигиче мурунку ишимде иштеп жүргөнүмдө, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун же ага окшогон жогорку кызматтагылардын жеке почтасы жеткиликтүү жашыруун сакталбаган болсо, анда мен аны окуганга аракет кылмакмын» — деген экен. Эми бул жашыруун деле сыр эмес экендигин орус эксперттери айтып жатат. Ушул айда Владимир Путин ФСБ кызматкерлери менен кезигишип жатып, «2015-жылы эле Россияда 400дөн ашык чет элдик чалгындын кадрдык агенттери аныкталып, алардын 23ү жоопко тартылганын, жашыруун кызматтын өкүлдөрү мамлекеттик сырды көз карегиндей сактоо үчүн бар аракетин жумшоо керектигин» айткан.