—Махабат Эргешовна, өткөн жумада парламент чек ара маселесин өкмөт менен бирдикте жабык эшик артында карадыӊыздар. Ал иш-чара канчалык деӊгээлде максатына жетти деп ойлойсуз? Эмнеге дегенде бир топ депутаттар сыр катары деген маселелерди кирип-чыгып журналисттерге айтып жатышты. Деги эле чек ара боюнча жашыра турган эмнебиз калды?
—Биринчиден мен чек ара маселесин жабык караганыбызды туура деп эсептейм. Ар бир депутат кайсыны айтыш керек, кайсыны айтпаш керек, ал жагын билет деген ойдомун. Негизи кээ бир депутаттар, же саясый кызматтагы адамдар эмоцияга алдырып катуу сүйлөп коёт. Андай сөздөр чек ара маселесин чечкенге жардам кылбай эле, тескерисинче оорлотуп да жибериши мүмкүн. Андыктан кандай катуу сөз, кандай сунуштар айтылса да жабык эшик артында калганы оӊ болот. Сиздер кызыгып турасыздар, бирок жыйында катуу айткандарды ачыктай албайм. Мен өзүмө тиешелүү маалыматты уктум.
—Сиз кандай маселе көтөрдүӊүз?
—Чынында чек ара маселеси абдан оор болуп турат. Бычактын мизиндегидей эле маселе экенин баарыбыз жакшы түшүнүшүбүз керек. Бизге биринчи кезекте тынчтык керек, чек ара жайгашкан аймактарда согуш, жаӊжал эч качан чыкпашы зарыл. Кечээ күнү, андан мурун түзүлгөн протоколдор 100 пайыз кепилдик бере албайт. Бул жагын дагы да тыкыр иликтеп, делиметиция ишин колдон келишинче тезирээк аягына чыгарышыбыз абзел. Мен өкмөткө чек ара чектешкен жерлерге жумуш ордун түзүп берүү сунушун айттым. Аткезчилик жол менен ташылып жаткан товарларды, аларды тыюу сунушун айттым. Ал ишти тыя албасаӊар, анда мыйзамдаштырып, ошол иш-аракеттердин эсебинен чек арада жашаган элди айлыгы жакшы иш менен камсыз кылуу керек деген оюмду ортого салдым. Мындан тышкары, өкмөт башчыга: “Биздин патриот ишкерлерибизди чогултуп сүйлөшүӊүз, аларга шарт түзүп, салыгынан бошотуӊуз, алар так ошол чек ара чектешкен жерлерге ишканаларды куруп беришсин” деген сунушту да айттым. Азыр баары эле билет. Чек ара чектешкен аймактардагы жерлер акырындык менен сатыла берсе, анын акыры кандай болот. Мындай кооптуу маселени бүгүн алдын албасак эртеӊ кеч болуп калат. Ошондой эле өкмөткө чек ара чыры, чатагы тууралуу алдын ала айтып, коомчулукка, өкмөткө коӊгуроо кагып, эскертип чыккан жарандарыбызды коркутуп, суракка албай, аларды колдоп, керек болсо сыйлыкка сунуштап, баатыр катары көрүшүбүз зарыл деген маселени да эскерттим.
—Чек арада кайсыл учурда чыр чыкпасын Чек ара кызматын Баткенге, эч болбосо Ошко көчүрүү маселеси байма-бай айтылып келет. Сиздин пикириӊиз кандай?
—Бул маселе боюнча жыйында сөз болуп, өкмөткө карап чыгуу сунуштары айтылды. Жакында өкмөт өз оюн айтып, бир чечимге келсе керек. Ал эми менин оюмча, Чек ара кызматын Баткен, же Ош областына көчүрсө туура эле болот. Эмнеге дегенде, түштүк аймагыбызда кошуналар менен чечилбеген жерлер абдан көп. Талаш-тартыш, пикир келишпестиктерге да жол берилип кетип жатат. Андыктан Чек ара кызматы ошондой талаштуу аймакта жайгашса, мамлекетибизге, ошол жерде жашашкан элибизге пайдалуу болмок.
—Эми сиз жетектеген комитеттин иштерине байланыштуу маселелерди сүйлөшсөк. Жаӊы окуу жылы башталгандан тартып, республикадагы авариялык мектептер, контейнерде, чатырда окуган балдар кызуу талкууга түштү. Курулушу 10 жылдан ашкан мектептер да аз эмес, алар бүтпөй жатса, анча деле муктаж эмес айылдарга да мектептер салынып жатат. Бул маселе канча иретке салынат? Жалпы маалымат берсеӊиз?
—Жогорку Кеӊеш республикадагы курулушу 70 пайыз болуп бүтүп калган мектептерге акча бөлүп, аягына чейин бүтүрүү боюнча атайын токтом чыгарган. Ошол токтом акырындык аткарылып жатат. Сиз айткан мектеп курулуштары 10 жылга созулбасын, ирети менен кетсин деген маселени байма-бай көтөргөнбүз. Жер –жерлерде жаӊы мектептерди баш аламан сала берүү иштери дээрлик токтоду десем болот. Эгер мектеби авариялык абалда болуп, муктаждык болуп турса гана жаӊы мектеп салуу иши колго алына баштаган. Мен комитеттин төрайымы катары өзүм депутат болуп шайланган Ноокат районуна жаӊы курулуштарды салуу боюнча каттар келсе да, биринчи кезекте эски курулуштарды бүтүрүү маселесине токтолуп жатабыз. Акыркы эсептөөлөр боюнча республикада башталып, бүтпөй жаткан курулуштарды толугу менен бүткөрүү үчүн 11-12 миллиард сом керек. Азыркы күндө биз жылына жалпы социалдык курулуштарга 2,5 миллиард сомго чейин бөлүнүп жатат. Албетте, бул аз болуп жатат.
—Жалпысынан алганда курулуш тармагын жакшыртуу боюнча силердин комитет тараптан же өкмөттөн кандай мыйзам долболоору сунушталып, каралып жатат?
—Азырынча андай мыйзам долбоорлору каралган жок. Бирок сиз айткан маселени жакшыртууга өбөлгө түзүп жаткан мыйзамдар бар. Бүгүнкү күндө мектептерди куруу боюнча долбоор даярдоо бирдей абалга, же бирдей өлчөмгө келтирилди. Мурун тендерден мектепти кимдир бирөөлөр курууга 10 млн. сом утуп алса, дагы башка жакта 20 миллион сомго чейин утуп алышчу. Бул жагы баш аламан болуп келген. Азыр тартипке салынып, баары бирдей болуп калды. Ар бир мектепке долбоор жасалбай, канча орундук болсо ошонун ар бирине даяр долбоорлор бар. Мисалы, азыр 250, 450, 550 жана 750 орундуу мектептердин долбоорлору даяр жана орточо эсеп менен баасы да чыгарылган. Ошол баанын тегерегинде тендер өткөрүлөт. Болгону ыӊгайына жараша бир аз айырма болушу мүмкүн. Кыргызстан боюнча акыркы эки жылда ишке ашкан мектеп курулуштары боюнча тендерлерде көрсөтүлгөн бааларды салыштырып көрдүм. Дээрлик баары эле бирдей. Кыскасы, бул жагын жакшы бир иретке келтирип алдык.
Курулуш боюнча дагы айтсак, (СНиП )азыр курулуш эрежелери, нормалары жаӊы иштелип жатат. Бул боюнча жумушчу топко биздин комитеттин депутаттары да мүчө болуп киришкен. Себеби, биздин СНиП союз кездеги боюнча келаткан. Азыр өзгөртүп, жалпы КМШ өлкөлөрүндөгү СНиПке дал келтиришибиз зарыл.Мындан башка дагы бир мыйзам долбоору даярдалып жатат. Аны да учкай айта кетейин. Параллелдүү долбоорлоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатабыз. Бул боюнча мыйзамды депутаттардын тобу биринчи окууга алып чыгышкан. Маалым болгондой буга чейин жеке ишкерлер курулуш ишине керектүү уруксат кагаздарын толук алгандан кийин гана курулушту баштап келишкен. Ал иш бир топ эле убакытты талап кылчу. Эки жыл мурун параллелдүү долборлоо боюнча иш жүргүзүү иши тажрыйба катары өкмөттүн токтому менен колдонулуп келаткан. Бирок кайра токтомду жокко чыгарып коюшкандан кийин, көптөгөн ишкерлер, курулушчулар нааразы болуп чыгышкан. Ошондон улам аталган мыйзам долбоору жазылып, азыр каралып жатат. Бул мыйзам колдоо тапса, курулушчулар биринчи этапта курулуш иштерине уруксат алат, экинчи этабында курулушту баштай берет, ошол эле учурда суу, электр энергия иштерин бүтүрө беришет.
—Мына ушул багытта чоӊ көйгөй бар. Акыркы жылдары каражаты жок эле бийик кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн үй алуучулардан алдын ала (үлүш ыкмасында) акча чогултуп алып, жыйынтыгында үй да салбай, акчасын да кайтарып бербей, качып кеткендер, кылмыш жообуна тартылып жаткандар аз эмес. Ушундан улам бийик кабатуу үйлөрдүн курулушу жок дегенде 30 пайыздан 50 пайызга чейин курулуп бүткөндө сатуу иши жүргүзүлсүн деген мыйзам керек экени көп айтылды эле. Бул маселе боюнча эмне маалыматыӊыз бар?
—Бул маселе боюнча мыйзам долбоору иштелип чыга элек. Муктаждыкты иликтеп мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын өкмөткө бергенбиз. Бирок өкмөт бул маселени алдыга жылдыра элек. Чынында абдан керектүү мыйзам болмок. Курулуш үлүшүндө адамдардын укугун сактайт. Россияда, Казакстанда бул багыттар мыйзамдар иштелип, тартипке келтирилип жатат. Биз ушундай мыйзам долбоорун алып чыксак, ага каршы болгон курулушчулар бир топ тоскоолдуктарды жаратышты. Ошондон кийин биз өкмөткө тапшырма бергенбиз. Эмнеге дегенде курулушчулар курулушка уруксат алуу, курулуш иштерин жүргүзүү иштери абдан татаал экенин айтып түшүндүрүштү. Алар мындай мыйзам ишке кирсе, анда өкмөт тараптан талапка ылайык шарттар түзүлсүн деген жүйөнү келтирип жатышат.
—Дагы бир талкууга алынган маселе – бул областтык деӊгээлдеги Көчмөндөр оюндарынын өтүшү. Биринчиси Таласта башталып жатканда, Баткенде чек арада кан төгүлүп, адам өлүп кетти. Ушул областтык деӊгээлдеги Көчмөндөр оюндарын өткөзүүнүн кереги бар беле? Ал иш-чарага кетип жаткан ондогон миллион сомго бала- бакча, мектеп ж.б. көйгөйлөрдү чечсек алда канча пайдалуу болмок…
—Негизи мен жалпы Көчөмөндөр оюндары тууралуу оюмду тереӊдетип айткым келип жатат. Көчмөндөр оюндарына дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр көбүрөөк катышканы мамлекетибиз үчүн пайдалуу болот. Көчмөндөр оюнун биз эстафета кылып, Түркияга өткөргөндө, ичибиз абдан ачышып калды. Себеби, дегенде Түштүк Америка, Түндүк Америкадан, Европанын өлкөлөрүнөн бизге туристтер көп келип, Кыргызстанды жакындан билип, табиятыбызга суктанып, өз өлкөлөрүнө даӊазалап жатышкан. Ошон үчүн мен Көчөмөндөр оюндарын башка мамлекеттерге 10 жылга чейин өткөрбөй, өзүбүздө эле өткөрүп турсак, туристтик тармагыбызды кыйла өнүктүрүп алмак экенбиз. Көчмөндөр оюндарына бир канча миллион сом каражат сарптаганыбыз менен, ал кайра мамлекетибизге чоӊ пайда, чоӊ жыйынтык менен кайтат эле. Бир аз каражатка чыдабай, бат эле башка мамлекетке өткөрүп жибердик. Ал эми областтык деӊгээлдеги оюндарды өткөрүү Көчмөндөр оюндарынын духун сактап калуу болуп жатат окшойт. Бирок бул иш-аракеттердин пайдасы аз, ички туризмге аздыр-көптүр шарт түзүшү мүмкүн. Бирок чет мамлекеттерден коноктор агылып келбейт…
Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ