Домой Саясат «Кыргызстан» партиясы документтерин эмнеге кеч тапшыргандыгын себеби…

«Кыргызстан» партиясы документтерин эмнеге кеч тапшыргандыгын себеби…

772

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен четтетилген «Кыргызстан» партиясы документтерин эмнеге кеч тапшыргандыгын журналист Кудрет Тайчабаров жазып чыкты.

“”КЫРГЫЗСТАН” партиясынын атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Шакинин адамы болчу. Ал ооруп-нетпей эле штабда жүргөн. Тизме боюнча ызы-чуу болуп жатканда бир чечимге келе албай, тизме БШКга жөнөй элек болот. Шаки документ кабыл алуучу жумушчу топтун төрагасы Акылбек Эшимов өз адамы болгон үчүн саатын карап кабатырланып да койбойт. Саат 18.00гө жакындаганда Канат Исаев акырын өзүнүн вариантындагы тизмени өзүнүн балдарынын бирине берип БШКга жиберип иет дагы дальше тизмени талашымыш болуп кое берет. Акылбек Эшимов Түркияда жүргөндүктөн, бул тууралуу билбей калат. Саат 18.00дөн өтүп баратканда тизмеден артка жылдырып ийген бир кандидат Исаев менен Шакиге жини келип, “мага жок болсо, силерге да жок” деп туруп тизме кечигип жатканы жөнүндөгү маалыматты бизге сливайтетип салат. Анан биз элдин баарын ойготуп баргыла эле баргыла, текшергиле эле текшергиле деп коомдук көзөмөл менен мыйзам бузууна ачыктатып салдык.
“Кыргызстандын” документтери тапшырылбай, таптакыр шайлоого катышпай калбайлы деп айла жок Исаевдин тизмесин признавайтетип, атайын ыйгарым укуктуу өкүлү эртеси күнү ооруп калдым деп калп айтканга аргасыз болот. Мындай келемиштик аракети үчүн партияда эрежесиз мушташ чыгат. Ал тууралуу чала-бучук уктуңуздар.
Эми ошол Шакиге жакпаган тизмени болсо да эптеп коргоп калып, шайлоого катышуунун аракетин көрүп эч нерсесин аябай турушат. Партия ичинде ушундай иштерди кылган Исаев эртең алаксытып туруп Токмокто мэр болуп тургандай иштерди жасап ийсе эмне кылабыз? Андыктан, мындай адамдарды таптакыр кыргыз саясатына жолотпош керек! “,-деп жазды Тайчабаров.

Булак: https://chyndyk.media